28–30-июнь күндөрү 2021 | Кыргызстан
ENG | KYR | RUS
“Challenge Hate” конференциясы

АРТИКЛЬ 19 сизди 28-29-30-июнь күндөрү “Challenge Hate” конференциясына катышууга чакырат. Бул конференция Интернеттеги “кастык тилин” аныктоого жана аны менен күрөшүүгө арналган. Конференциядагы сессиялар “кастык тили” жаатындагы эл аралык стандарттарды, анын мамлекет тарабынан да, социалдык медиа платформалар тарабынан да жөнгө салынышын изилдейт, ошондой эле мониторинг, өзүн өзү жөнгө салуу жана жаш активисттерди тартуу боюнча панелдик талкууларды камтыйт.

Конференция Кыргызстандагы Медиа Диалог долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат. Аталган долбоорду Европа Биримдиги каржылайт. Бул долбоор беш уюмдан турган консорциум тарабынан ишке ашырылып келүүдө. Алар: Медиа Полиси Институту, Демократия үчүн Вестминстер фонду, Европалык жергиликтүү демократия ассоциациясы, АРТИКЛЬ 19 жана консорциумдун башында турган Демократия үчүн европалык өнөктөштүк.
Программа
Иш-чаралардын сааты Бишкектин (Кыргызстан) убактысы менен көрсөтүлдү
Дүйшөмбү
28-июнь
12:00–14:00
Кириш семинар: АРТИКЛЬ 19дун “Кастык тилин” түшүнүү” аттуу тажрыйбалык окуу китеби.
Антонина Черевко
Эл аралык стандарттар “кастык тилин” кандайча чечмелешет жана кастык тили менен күрөшүү боюнча позитивдүү чараларды аныктап, илгерилетүү үчүн бул стандарттарды кантип колдонсо болот? Бул сессия АРТИКЛЬ 19дун “Кастык тилин” түшүнүү” аттуу тажрыйбалык окуу китебинин негизинде даярдалды.
→ Hate Speech Toolkit Presentation RUKG

15:00–17:00
Адам укуктарын кыйгап өтүү: Онлайн-контентти модерациялоо
Пьер Франсуа Докир
Кантип социалдык медиа платформалары онлайн-контентти модерациялайт жана бул процесстерде адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдардын сакталышын кантип камсыздай алышат? Бул сессия АРТИКЛЬ 19дун“Адам укуктарын кыйгап өтүү” аналитикалык документине таянып даярдалды.
→ Online Content Moderation and Social Media Council Presentation ENRU

18:00–20:00
Интернеттеги “кастык тилин” мамлекет тарабынан жөнгө салуу аракеттери
Антонина Черевко, Рут-Мари Хенкес
Интернеттеги жек көрүү маанайындагы билдирүүлөрдү жөнгө салуу үчүн мамлекеттик жана регионалдык органдар кандай аракеттерди көрүштү? Пикир билдирүү эркиндигинин эл аралык стандарттарынын сакталышын камсыз кылууда алар кандай кыйынчылыктарга туш болушту?
→ State Attempts at Hate Speech Regulation RU
→ DSA Platform Governance ENRU
Шейшемби
29-июнь
15:00–17:00
Социалдык тармактар кеңешинин модели
Пьер Франсуа Докир
Социалдык тармактар кеңеши деген эмне жана бул механизм адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдардын жардамы менен контентти модерациялоо, анын ичинде “кастык тилине” каршы күрөшүү маселелерин кантип чече алат? Бул сессия АРТИКЛЬ 19 иштеп чыккан Социалдык тармактар кеңеши моделинин негизинде даярдалды.
→ Online Content Moderation and Social Media Council Presentation ENRU
→ Social Media Councail Summary Document ENRUKG

18:00–20:00
Шайлоо контекстинен алганда Интернетте “кастык тилине” мониторинг жүргүзүү
Бен Грэм Джонс, Азамат Касыбеков, Джованна Майола, Аделин Маки
Эмне үчүн шайлоо учурунда Интернетте жек көрүү маанайындагы билдирүүлөр көбөйөт? Биз аларды канткенде натыйжалуу көзөмөлдөй алабыз жана мониторинг эмне үчүн маанилүү?
→ Recommendations for avoiding hate speech during election debates ENRUKG
→ Monitoring Online Hate Speech During Elections ENRU
→ Monitoring Hate Speech during Election Observation Missions (Tunisia, Georgia, Ethiopia) ENRU
Шаршемби
30-июнь
12:00–14:00
Интернеттеги “кастык тили” жана маалыматты бурмалоо маселелери боюнча жаштар менен иштешүү
Барбара Доцкалова, Руари Харрисон, Бахтияр Иманкулов, Айзат Жакыбалиева, Киран Ралф, Адилия Темирканова, Роберта Тавери
Интернеттеги жек көрүүчүлүк маанайдагы билдирүүлөргө жана жалган маалыматтарга каршы күрөшкө жаштарды кантип тарта алабыз? Бул сессия АРТИКЛЬ 19дун Ирландиядагы ишинин жана Демократия үчүн Вестминстер фондунун Кыргызстандагы ишинин базасында тажрыйба алмашууга арналган.
→ A19 Keep It Real Disinformation Campaign with Young People in Ireland ENRU
→ WFD Hate Speech Campaign with Young People in Kyrgyzstan RU

15:00–17:00
ЖМКнын өзүн-өзү жөнгө салуусу жана Интернеттеги “кастык тили”
Антонина Черевко, Петру Маковей, Борис Навасардян, Людмила Панкратова
Арменияда, Молдовада жана Украинада ЖМКнын өзүн-өзү жөнгө салуучу органдары онлайн-чөйрөдөгү жек көрүүчүлүк маанайдагы билдирүүлөр көйгөйүн кантип чечүүдө?
→ Recommendations for avoiding hate speech during election debates ENRUKG

18:00–20:00
Кыргызстан үчүн кийинки кадамдар
Пьер Франсуа Докир, Бегаим Усенова
Конференциянын жүрүшүндө алынган кайсы тажрыйбаларды жана сабактарды Кыргызстандын шартында колдонсо болот? Бул сессия кийинки кадамдарды биргелешип талкуулап алуу үчүн интерактивдүү семинар форматында өтөт.
Баяндамачылар
Антонина Черевко
АРТИКЛЬ 19дун юристи
Барбара Доцкалова
АРТИКЛЬ 19дун улук укук коргоочусу
Пьер Франсуа Докир
АРТИКЛЬ 19дун ЖМК эркиндиги маселелери боюнча программасынын башчысы
Бен Грэм Джонс
Шайлоо боюнча эксперт
Рут-Мари Хенкес
Демократия үчүн европалык өнөктөштүктүн адвокация жана коммуникация маселелери боюнча координатору
Айзат Жакыбалиева
Демократия үчүн Вестминстер фондунун программалык координатору
Азамат Касыбеков
Журналисттердин Көзкарандысыз Союзунун төрагасы, Кыргызстан
Петру Маковей
Көз карандысыз пресса ассоциациясынын (API) аткаруучу директору, Молдова Республикасынын Басма сөз кеңешинин катчысы
Джованна Майола
Павия обсерваториясынын улук илимий кызматкери
Аделин Маки
Шайлоо жана социалдык медиа боюнча кеңешчи
Борис Навасардян
Ереван пресс-клубунун жетекчиси, Армения
Людмила Панкратова
Регионалдык прессаны өнүктүрүү институтунун аткаруучу директору
Роберта Тавери
программалардын жетекчиси, АРТИКЛЬ 19
Бегаим Усенова
Медиа полиси институтунун директору
Руари Харрисон
Жаштар активисти
Киран Ралф
Жаштар активисти
Адилия Темирканова
Жаштар активисти
Бахтияр Иманкулов
Жаштар активисти

Иллюстрация: Алина Печенкина
Made on
Tilda